• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ОшМУнун базасында 5 кабаттуу ветеринардык клиниканын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде беш кабаттуу ветеринардык клиниканын имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын президенти Рафаэль Лагенс баштаган коноктор катышты.

Жаңы курулуп жаткан клиника беш кабаттан туруп анда окуу лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык, окуу залдары болот. Имараттын аянты 3000 чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы 78 млн сом. Ветеринардык клиниканын курулушун 2023-жылдын март айларына бүткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий