• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУнун базасында Билим берүү министрлигинин көчмө коллегиясы өтүп жатат

Билим 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. ОшМУнун базасында Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясы өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө караганда, коллегияга билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана адистери катышууда.

Коллегиянын катышуучулары алгач окуу жайдын коомчулук менен байланышуу департаментинин алдындагы “Маркетинг, коммуникация жана коомчулук менен байланыш борбору” окуу лабораториясына “Үмүт” телестудиясы, “Нур”, “Дидактика” гезиттери, басма сөз кызматы жана ОшМУнун официалдуу сайты менен таанышты.

Коллегияда билим берүүнүн учуру, келечеги, окуу жайларды реформалоо, жаңы иштелип чыккан мыйзамдык база, билим берүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу баяндамалар жасалып, сунушталган долбоорлор, мыйзамдар боюнча талкуу болот.

Пикир

Оставить комментарий