• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУнун делегациясы ДКОдо бир топ ийгиликтерди жаратты

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ош мамлекеттик университетинен да атайын делегация келген.

Алар Кырчын жайлоосунда улуттук баалуулуктар менен кооздолгон боз үй тигип, түрдүү маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышууда.

ОшМУнун "Салтанат" фольклордук тобу, "Арууке" бий топтору көчмөндөр оюнунун алкагында уюштурулган сынактарда көрүүчүлөрдүн алкышына арзып, бир нече сынактарда жеңүүчү деп табылды.

4-сентябрь күнү улуттук кийимдердин түрлөрүн көрсөтүү сынактарында ОшМУнун дизайнерлери Т.Кадырбаева, З.Турдубаевалар шаардын атынан катышып, 80ден ашуун улуттук кийимдердин түрлөрүн көрсөтүштү. Дизайнерлер өзгөчө чеберчилик менен бардык курактагы адамдарга таандык көчмөн элдердин доорлорун чагылдырган улуттук кийимдердин парадын тартуулашып, Ош шаарынын мэринин сыйлыгына ээ болушту. Ошондой эле ушул эле күнү Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган сынакта ОшМУнун боз үйү 2-орунду ээлеп, 30 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Ал эми спорт жаатында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тажик улуттук күрөшү боюнча мелдеште 68 килограммга чейинки салмак категориясында ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенти Марлен Абдрасулов Кыргызстандын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келсе, 3-сентябрь күнү алыш күрөшү боюнча мелдеште 75 килограммга чейинки салмак категориясында ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 3-курсунун студенти, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Алтынай Мамарасул кызы коло байгени утуп алды.

Учурда ОшМУнун студенттери да Көчмөндөр оюндарында волонтерлук кызмат аткарышууда.

ОшМУнун жамааты ийгилик ээлерин чын дилден куттуктайт.

Пикир

Оставить комментарий