• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи жаңы эмеректер менен жабдылды

Билим 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи жаңы эмеректер менен жабдылды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Иклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө.

"Алдыңкы тажрыйба борборлорунда эксперименталдык билим берүү программаларынын пилотун жүргүзүү жана бир катар башка чараларды көрүү пландалууда, алар кесиптик окутуунун жана билим берүүнүн натыйжалуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул борборлордо окуу-өндүрүштүк комплексттерди түзүү пландалууда, алар региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берет. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен жабдылат", - деп кабарлайт Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

8 пилоттук колледж үчүн керектүү окутуу жана техникалык спецификациясы менен өндүрүштүк жабдуунун тизмеси түзүлдү, алар азыр окуу жайлардын эксперттик топтору менен макулдашуу этабында.

Азыркы учурда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин жаңы имаратына эмеректер жеткирилди.

Окутуучу жабдуу ошондой эле 11 кесиптик лицейге жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий