• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУнун клиникасында алгачкы жолу операция жасалган бейтаптан кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 30.01.23./Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков университететтин медициналык клиникасында ашказан рагына операция жасалган бейтаптан кабар алды.

Окуу жайын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бейтапка 26-январда операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасашкан. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, дарыгердин көзөмөлүндө жакындарынын жардамы менен өзү басып жатат.

Кудайберди Кожобеков бейтапка ак калпак кийгизип, ден соолук каалады. Бейтап да клиниканын жамаатына, операция жасаган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

Пикир

Оставить комментарий