• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ОшМУнун окутуучулары Ош шаардык ооруканасына 7 кычкылтек концентраторун тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жамааты каражат топтоп 24 саат үзгүлтүксүз иштөөчү жети даана кычкылтек концентраторлорун Ош шаардык ооруканасына тапшырды. Бул тууралуу окуу жайынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага кошумча учурда зарыл болгон медициналык каражаттар: алты даана кварц лампасын, алты даана пульсоксиметр, алты даана пульверизатор жана 140 даана респиратордук беткап да берилди.

Мындан сырткары, окуу жайдын беш жатаканасында уюштурулган ооруканада иштеп жатышкан 51 медкызматкерлерге түшкү тамак берилип жатат.

Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик тобундагы 9 дарыгер-ординатор Чон-Алай районунда, 10 медицина кызматкери Кара-Кулжа районунда, 5 дарыгер-ординатор Ош шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 медкызматкерлер ОшМУнун медициналык клиникасында иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий