• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ОшМУнун студенти математика боюнча олимпиадада коло медаль тагынды

Коом 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Ургенче шаарында өткөн Мухаммад аль-Хорезми атындагы Биринчи дүйнөлүк математика боюнча олимпиададан Ош мамлекеттик университетинин студенти Мээрим Ирисмаматова коло медаль жеңип келген.

Аталган олимпиадага ОшМУдан 4 студент катышкан. Жыйынтыгында “Математика” факультетитинин студенти үчүнчү орунга татыган.

Андан тышкары Бекболот Шайдуллаев диплом, калгандары катышкандыгы тууралу сертификат алышкан.

Ал эми ОшМУнун профессору Дилмурат Турсунов “Мыкты калыс" диплому менен сыйланган.

Аталган дүйнөлүк олимпиадага 20дан ашык өлкөдөн келген 56 жогорку окуу жайдан 244 студент катышкан. Олимпиада англис тилинде өткөн. Математика боюнча дүйнөлүк олимпиада эки жылда бир улуу математик Мухаммад аль-Хорезмдин мекени Өзбекстандын Хорезм облусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий