• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ОшМУнун студенти ШКУнун лидер студенттер үчүн арналган саммитине катышты

Аймак 0

Ош, 25.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) студенти Нурсултан Жумабаев ШКУнун лидер студенттеринин II саммитине катышты. Иш чара 13-16-сентябрь аралыгында Алтайда Барнаул шаарында өткөн.

Аталган саммитке РФнын 12 аймагынан жана 5 мамлекеттен келген 100 жакын лидер студенттердин өкүлдөрү катышты. Иш чаранын башкы максаты – ШКУ мамлекеттеринин лидер-студенттери ортосундагы кызматташууну, тажрыйба алмашууну мындан ары да бекемдөө болуп саналат.

Жумабаевдин айтымына караганда, ал аталган саммитке катышып келгендиги үчүн абдан кубанычта.

“Саммиттен кийин менде көптөгөн жаңы ойлор пайда болду, башка мамлекеттердин лидер студенттери менен да тааныштым. Долбоорлорду түзүүнүн жаңы ыкмасын, донорлорду, демөөрчүлөрдү издөөнүн жана командада нтаыйжалуу иштөөнүн ыкмаларын үйрөнүп келдим”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий