• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ОшМУнун студенттери чет элдик окумуштуулар менен археологиялык изилдөөлөргө катышууда

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Чехиянын Батыш Чех университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Павел Варжека ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосунда 4 жылдан бери ишке ашып келе жаткан эки тараптуу кызматташуу келишимдери жөнүндө сөз болду. Павел Варжека ОшМУга “Erasmus Mundus” (Эразмус Мундус») программасы боюнча кызматташуу сунушун билдирди.

2018-жылы кол коюлган келишимдин алкагында Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 10дон ашуун окутуучулары, 10дон ашуун студент, магистранттары аталган окуу жайдан мобилдүүлүктөн өтүп келишкен. Ал эми Батыш Чех университетинен да бул жылдар аралыгында окутуучулар, магистранттар келип, Түштүк Кыргызстандагы археологиялык эстеликтерди, Чыгыш таануу жана тарых факультетиндеги археологиялык музейдеги экспонаттарга изилдөө жүргүзүшкөн. Учурда профессор Павел Варжека баштаган 15 окумуштуудан турган экспедиция Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Аталган изилдөөгө ОшМУдан 9 студент катышууда.

Профессор Павел Варжека иш сапардын алкагында чыгыш таануу жана тарых факультетинде окутуучулар, магистранттар, студенттер үчүн конок лекция окуду. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 2019-жылкы бүтүрүүчүлөрү Канат Тойчиев жана Акжол Досназаров учурда Батыш Чех университетинде магистратурада билим алып жатат. Алар Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында жүрүп жаткан археологиялык изилдөөлөргө да катышууда.

Пикир

Оставить комментарий