• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУнун студенттери Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде, ОшМУнун юридикалык факультетинин студенттери “Кыргыз Республикасынын муниципалдык укугу” сабагынын алкагында Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, студенттер ар бир бөлүмдүн иши менен таанышкан соң, Жаштар иштери боюнча комитеттин Жаштар инновациялык борборунда жыйынтыктоочу жыйын болду. Анда студенттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча өздөрүнүн суроолорун беришип, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий