• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУнун студенттери VI аймактык студенттик олимпиадада 1-орунду ээлешти

Билим 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде 15-апрелде 9 жогорку окуу жайы катышкан студенттердин VI аймактык олимпиадасында Ош Мамлекеттик университетинен 28 предмет боюнча 46 команда – 128 студент катышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, олимпиаданын жыйынтыгында, 51 студент байгелүү орунга ээ болуп, ОшМУнун студенттери жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушту.

Экономика багытындагы 12 команданын 14 студенти байгелүү орунга ээ болуп, алардын ичинен 7 студент 1-орунду ээлешти. Ал эми англис тили жана котормо таануу багытындагы 3 команда 7 байгелүү орун ээлешип, алардын бешөө 1-орунга жетишишти. Математика, информатика багытындагы 5 командадан 8 студент байгелүү орунга жетишишсе, алардын ичинен 6 студент 1-орунга татыктуу болушту.

Бул жооптуу сынакка командаларды даярдаган окутуучу да барып, олимпиаданы өткөрүүгө катышышты. Иш-чарага ОшМУнун студенттери жана окутуучулары мыкты даярдык менен жогорку уюшкандыкта катышышып, жеңиш менен кайтып келишти.

Белгилей кетсек, ОшМУнун командасы 2012-жылдан тартып студенттердин аймактык олимпиадасында баш байгени ээлеп келишет.

Пикир

Оставить комментарий