• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ошшаарсууканал” ишканасына жаңы чыгарылган атайын техникалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына жаңы атайын автотехникалардын ачкычын тапшырды. 2018-жылы чыгарылган 4 техника Россиядан алынып келинген. Калаа башчысы кызматкерлердин ишин жеңилдетүүгө техникаларды жаңылоо зарыл экендигин айтып, башка ишканалардын да техникаларын жаңылоо аракеттери токтобой турганын билдирди.

Аталган ишкананын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров эски техникалардын ордун жаңы техникалар менен толтуруу иштери уланаарын айтып өттү.

Атайын техникалар Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланган долбоордон алкагында алынды. Автотехникалар авариялык учурда, таза суу жана канализацияга байланышкан оңдоо иштерине пайдаланылат.

Пикир

Оставить комментарий