• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Ошсвет» ишканасына кошумча атайын техникалык жабдуулар камтылган унаалар алынат

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын эмгек жааматы менен жолугуп, аткарылган иштер, жаралган көйгөйлөр жана тоскоолдуктар боюнча маалыматтарды угуп кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамбетов дагы эки кошумча атайын техникалык жабдуулар камтылган унааларды алып, шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешип «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын бюджетин кийинки жылга жогорулатуу иш алып баруу керектигин ишкананын жетекчилиги менен сүйлөштү.

Жалпысынан 7 айдын ичинде 456 даана чырак орнотулуп, 25 миң 854 чакырым жол жаңыдан жарыктандырылган, ошондой эле, 31,24 км ЛЭП тартылган. Мындан тышкары, жарыктандыруу системаларын оң абалда кармап туруу үчүн убагында электр лампаларын алмаштыруу менен бирге электр линияларынын үзүлгөн жерлерин улоо, бошоп кеткен линияларды чыңдап тартуу иштерин жүргүзүшөт.

«Ошсвет» муниципалдык ишканасы 364,68 чакырым жол, 600,66 чакырым электр энергиясын өткөрүүчү линияларды (ЭЭОЛ), 14 310 (12 187 +2 123) даана чырактарды, 2 миң 955 даана плафондорду, 340 даана башкаруу щиттерин (БЩ) жана башка жабдыктарды тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий