• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары жөнүндө лекция өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. 2017-жылдын 15-май күнү Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы тарабынан жарандарды укуктук тарбиялоо максатында жана 2017-жылдын «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыялангандыгына карата Финансылык-Юридикалык колледждин «Укук тануу» адистигинин 2-курсунун студенттери менен лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сот департаментинин Ош областтык башкармалыгынын башкы адиси А. Макаев жана Ош шаардык сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу М. Рысбеков учурда үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын укуктарын коргоо боюнча сот иштери, коомдо резонансты жана ар кандай түшүнбөстүктөрдү жаратып жаткандыгына байланыштуу «Үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо» темасын тандап алышып, үй-бүлө укуктарын жөнгө салган ченемдик укуктук актылар, баланы асырап алуу, багуу боюнча ата-эненин мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттери жана аларды аткарбаган учурда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланын билим алуу укугу жана бекер билим алуунун жолдору жана эл аралык укуктун ченемдери жөнүндө айтып өтүштү. Лекциянын жүрүшүндө суроо-жооп болуп, студенттер аларга толугу менен канааттандырарлык жооп ала алышты.

Лекциянын соңунда кафедра башчысы Дж. Асанбекова Сот департаментинин Ош областынын башкы башкармалыгынын башкы адиси А. Макаевге жана Ош шаардык сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу М. Рысбековдорго убактысын бөлүп келишкендерине ыраазычылык билдирип, мындан ары да бул тарапта биргеликте иш алып барууну сунуштап, анын натыйжалуу болорун белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий