• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 1-2-март күндөрү массалык ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. 1-2-март күндөрү Ош шаарынын аймагын жакшыртуу, санитардык тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү максатында массалык ишембилик өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар, студенттер катышат.

"Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды массалык ишембиликке чакырабыз! Таза үй, таза короо, таза жол, таза шаар таза коомду курат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий