• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто 1,5 айдын ичинде мыйзамсыз 24 соода түйүн, 200 метрден ашык тосмолор алынды

Аймак 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Ош шаарында 1-августтан баштап ушул күнгө чейин өткөн рейддердин жыйынтыгы чыкты, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анда мыйзамсыз курулуштар, тосулган тротуарлар жана тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактар текшерүүгө алынып, рейдге шаар мэри Т. Сарыбашов өзү катышып келет.

Рейддин жыйынтыгы менен мыйзамсыз 24 даана соода түйүндөрү, 5 контейнер, 6 автоунаа гаражы, узундугу жалпы 200 метрди түзгөн жеңил типтеги тосмолор, капиталдык курулуштагы узундугу 50 метрден ашуун тосмолор, 6 навес, 3 даана капиталдык курулуш, 18 даана мангал, 7 тандыр жана 2 бут кийим оңдоочу алынып салынды.

Мындан тышкары тил мыйзамдарына жооп бербеген 121 дубалга илинген жарнактар, 48 жарнак тактайчалыр алынды.

Пикир

Оставить комментарий