• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто 1,6 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген ири партиядагы чылым аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкк, 07.07.21. /Кабар/. Ошто 1,6 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген ири партиядагы чылым аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он Эки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген “С.А.И.,” аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 40 коробкага салынган 240 миң даана, жалпы наркы 16 млн сом болгон акциздик маркасы жок, Бирикен Араб Эмиринде өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий