• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 1-курстун студентинин өлүмүнө шектелген 6 бала 2 айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Ош, 06.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаардык сотунун чыгарган чечимине ылайык, Ош мамлекеттик университетинин медицина колледжинин 1-курсунун студентинин өлүмүнө шектелген 6 бала 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-декабрда сот 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча ишти карап, кылмышка шектелген алты баланы эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Жакынкы күндөрү шектүүлөрдүн бардыгы №5 тергөө изоляторуна көчүрүлөт.

Эске сала кетсек, Ош мамлекеттик окуу жайынын 1999-жылы туулган студенти ур-токмоктун айынан бийиктиги 3-4 метр болгон гараждан башы менен кулап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий