• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 1 млн сомдон ашуун каражат чогултулуп, Баткендин атайын эсебине которулду

Коом 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Ош борбордук штабына жарандар тарабынан 1 млн 113 миң 155 сом чогултулуп, Баткендин атайын эсебине которулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь саат 16:00гө карата Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Ош борбордук штабына жарандар тарабынан 1 млн 113 миң 155 сом чогулду. Аталган каражат Баткен облусунун атайын эсебине которулду.

"Ош облусу жана Ош шаарынын борбордук штабы ишмердүүлүгүн улантууда. Жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар Ош шаарынын борбордук аянтында келсеңиздер болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий