• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 1-октябрга карата жылуулук менен камсыздоо объектилеринин даярдык иштери аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Ош шаарында 1-октябрга карата жылуулук менен камсыздоо объектилеринин даярдык иштери аяктайт, - деп кабарлайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-сентябрда Ош муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасынын алдыдагы кыш мезгилине даярдыгы текшерилди. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жылуулук менен камсыздоо жайларына болгон кыдыруунун алкагында быйылкы жылы көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүнүн жылытуу системасын кышка даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Буга чейин алдыдагы кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын бир катар жыйындарын өткөрүп, анда тиешелүү тапшырмалар берилген. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө, ага ылайык даярдык 1-октябрга чейин бүткөрүлүшү керек. Негизги милдет – бардык абоненттерди сапаттуу жылуулук менен камсыз кылуу. Бул үчүн сатылып алынган көмүрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда көмүрдүн 80%ы келди.

Бирок Жылуулук ишканасы жылуулукту үйгө чейин гана жеткирерин эскертем. Андыктан, бардык жарандарды көп кабаттуу үйлөрдүн ички жылуулук тармактарын (түтүктөр, көтөргүчтөр, үйлөрдүн жер төлөсүндөгү жылуулук системалары ж.б.) алдын ала даярдоого чакырабыз. Ош шаарынын мэриясы биргелешип каржылоо программасынын алкагында кеткен каражаттын 50%ын бөлүүгө даяр. Эми бул маселеге катуу көңүл бурулат.

Андан кийинки маселе – жеке үйлөрдүн жашоочуларын көмүр менен камсыздоо. Жыл сайын шаар калкы кыш мезгилинен чыгуу үчүн 24 миң тонна көмүр керектелет. Жарандарга тиешелүү шарттарды түзүү максатында бардык МАБдардын аймагында көмүр сатуучу 15 пункт ачуу пландалууда. Синоптиктердин маалыматына караганда, быйыл кыш мезгили былтыркыдан суук болот. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, шаардыктарды көмүрдүн баасы арзан болуп турганда ккмсыздап алууга чакырам”, - деди вице-мэр.

Иш-чаранын жыйынтыгында өткөн жылы жылуулук менен камсыз кылууда көйгөй жараткан үйлөрдүн жана объектилердин жылытуу системасынын абалын текшерүү тапшырылды. Ага улай муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте калкка тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү белгиленди.

Ош муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасынын башкы инженери Нурлан Мурзаматов ишкана алдыдагы жылуулук мезгилине толук даяр экенин айтты.

“Биздин ишкана тарабынан бекитилген иш-чаралардын графигине ылайык кышка даярдык көрүү боюнча бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө. Учурда отканаларды, агрегаттарды жана керектүү жабдууларды даярдоо иштери аяктады. Азыркы тапта 5140 тонна көмүр алынган. Ош муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы 88 откананы тейлейт, анын 19у электр энергиясы, калганы көмүр менен иштейт. Алар 306 көп кабаттуу үйдү, шаардагы ишкана, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кошкондо 98 мекемени жылуулук менен камсыз кылат. Жалпы абоненттердин саны 14 миңден ашат”, - деди Мурзаматов.

Пикир

Оставить комментарий