• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто №1-троллейбустун каттамы убактылуу токтотулуп, автобуска алмаштырылат

Аймак 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Ош шаарында 10-июлдан 31-августка чейин №1-троллейбустун каттамы убактылуу токтотулуп, анын ордуна автобустар каттайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-аракеттер “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Ош Газ” филиалы тарабынан жүргүзүлө турган газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

10-июлдан 31-августка чейин И.Раззаков көчөсүнүн жер астындагы газ түтүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий