• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 4 күндүк окутуудан өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22 /Кабар/. Ош шаарында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери үчүн уюштурулган 4 күндүк окутуу тренинги аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуунун негизги максаты милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда аткарылуучу негизги иш-чаралар, пайда болгон маселелер тууралуу айтылып, анын мыйзам чегинде, тараптардын укуктарын сактоо менен чечүү жолдорун үйрөтүү болуп саналат.

Окуу-тренинги учурунда түрдүү кырдаал учурундагы кызматкерлердин иш аракеттери талкууланды. Ошондой эле анын катышуучулары үй-бүлөдөгү зомбулукту, анын деңгээлин, зомбулук жасаган адамдын өнөктөшүнө кайрадан кол салуу коркунучун аныктоодо пайдалануучу Онтарио полициясы жана Waypoint саламаттык борбору тарабынан иштелип чыккан ODARA сурамжылоо жана баалоо аракетинин натыйжалары, өзгөчөлүктөрү тууралуу окуп, билишти. Аларды иш жүзүндө пайдалануу боюнча тажрыйбаларды алышты.

"Бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселеге айланган терс көрүнүштү жоюуга багытталган окутуу тренинги ИИМдин жана социалдык-демократиялык Friedrich-Ebert-Stifting фондунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат. ИИМдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын начальниги милициянын полковниги Нуржан Адылова иш чаранын негизги уюштуруучусу жана модератору болду", - деп айтылат маалыматта.

Тренингдин катышуучулары иш-чаранын пайдалуу жактары көп болгондугун, аларды кызмат учурда пайдалануу жакшы гана натыйжаларды бере тургандыгын белгилешип, аны уюштурган ИИМдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясына, ар тараптуу колдоо көрсөткөн Friedrich-Ebert-Stifting фондуна ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий