• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто 10 тонна хлорамин, 280 даана коргонуучу костюм жана 5 миң даана беткап таратылды

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Ош облусу боюнча жеке демилгелер тарабынан 10 тонна хлорамин, 280 даана коргонуучу костюм, 5000 даана беткап таратылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда дарыгерлердин райондордон кирип-чыгуусу үчүн жетекчиликтин сунуштамасы менен уруксат кагаздары берилди. Ар бир аймактык оорукана жана Ош облустук ооруканада дарыгерлер, медкызматкерлер үчүн атайын автоунаалар уюштурулууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий