• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто 100 миң сом социалдык колдоо алгандар кандай иштерди башташты?

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Ош шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөгө көмөк алуучулардын негизинде социалдык колдоо алган жарандардын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Бул тууралуу ведомвствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нурийла Шериева, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, эксперттер жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү социалдык келишим боюнча акча каражатын алган долбоордун катышуучуларынын иши менен таанышты.

"Алгач алар борбордук базарда Тынычбүбү Эрмекбаева ачкан балдардын жана өспүрүмдөрдүн кийимдерин тигүүчү чакан цехке барышты. Мында 10 адам иштейт. Эрмекбаева каржылык колдоо алып, тигүү цехин ачып, тигүү машиналарды сатып алган. Эрмекбаева төрт баланын энеси, балдыры жаш, жолдошу күнүмдүк тиричилик менен алектенип келет", - деп айтылат маалыматта.

Андан ары Ош шаарынын тургуну Кызбурак Жусупованын 100 миң сом алып ачкан коомдук тамактануу жайын көрүштү. Бул тамактануучу жайда 5 адам эмгектенет. Жусупова бул жайды ачканга чейин Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан эки баласы үчүн үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алып келген.

Таанышуу учурунда бул долбоордун катышуучуларынын жеке бизнесин өнүктүрүүгө болгон аракети белгиленди.

Эске салсак, Ош шаарында “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 50 муктаж үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 100 миң сомдон акысыз жардам көрсөтүлгөн. Долбоордун негизги максаты – жарандарды оор турмуштук кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү кадамдарга үндөө, алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү.

Пикир

Оставить комментарий