• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто 107 жасалма дем алдыруучу аппарат бар, анын тогузу иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ош облусунда 107 жасалма дем алдыруучу аппарат бар, анын тогузу иштебейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуска кошумча 100дөн ашуун аппарат керек. Ошондой эле облуста 777 даана кычкылтек концентратору бар. Алардын ичинен 421 даанасы демөөрчүлөр тарабынан, 9 даана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 121 даана өкмөттөн, 20 даана биргелешкен банктар ассоциациясы тарабынан алынып берилген.

Ал эми 30-июлга карата облустун аймагында 169 имаратка 6 миң 312 орундуу стационардык керебеттер даярдалган. Ал жерлерде 438 медициналык кызматкер кайрылган жарандарга жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий