• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 11-июлдан тарта 94 орундуу убактылуу “оорукана” иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Ошто 11-июлдан тарта 94 орундуу убактылуу “оорукана” иштей баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы А. Навои мектебине күндүзгү стационар жана изоляция ачылды. Бул жерде 94 орун даярдалып, 24 орун күндүзгү стационар катары иштейт.

Түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, күчөтөлгөн тартипте иш алып баруу тапшырмасын берди.

Стационар 11-июлдан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бейтаптардын жатып дарылануусуна шарт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий