• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто 11-майдан баштап 40 автобус жана троллейбустун ишке кирүүсү күтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 11-майдан баштап 40 автобус жана троллейбустун ишке кирүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Ош шарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коомдук унаалардын иштөөсү кырдаалга байланыштуу болот.

"Ош шаарында 11-майдан баштап 4 багытта жүргөн троллейбус жана автобустардын иштешин пландап жатабыз. Ар бир багытта 10дон автобус, троллейбус жүргүзүлөт. Алар эртең мененки саат 07:00дөн 20:00гө чейин каттайт", - дейт ал.

Ош шарынын вице-мэри белгилегендей, жакын арада иштей турган ар бир коомдук унаа дезинфекцияланат.

"Автобус, троллейбустар жөнөкөй күндөрү 100дөй жүргүнчүнү ташууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок 11-майдан баштап иштей турган коомдук унааларга 30дун тегерегинде жүргүнчү ташуу боюнча талаптар коюлат", - деди Топчубаев.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий