• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 11 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган делип анын таякеси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Ош шаарында 11 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган делип анын таякеси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү, 1-сентябрда саат 10:00дөр чамасында анын 11 жаштагы кызына карата бир тууган иниси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген.

Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары жабырлануучунун таякеси 1990-жылы туулган жаран кармалды.

Аталган бөлүмдүн тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 164-беренеси (16-жашка толо элек жаран менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды. Шектүү жаран 2-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий