• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 120 балага ылайыкташтырылган бала бакча курулууда

Аймак 0

Бишкек, 11.01.20. /Кабар/. Ош шаарынын Юго-Восток кичи районуна 120 балага ылайыкташтырылган бала бакча курулууда. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткан бала бакча жакынкы айларда пайдаланууга берилет, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаар мэринин тапшырмасы менен бала бакчанын курулуш иштери менен вице-мэр Жасур Азимов баштаган тиешелүү кызматкерлер таанышып чыгышты.

Бала бакча эки кабаттуу болуп салынып, короосуна ойноочу аянтча, жайкы бастырмалар жана өрткө каршы 100 куб суу сактаган суу кампасы менен кошо курулууда. Учурда имараттын ичинде курулуш иштери жүрүп жатат.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов балдардын бала бакча менен камсыздалышын колго алуу зарылдыгын айткан, учурда 3 бала бакчанын курулушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий