• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында 120 орундуу “Балажан” атындагы заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаар жетекчиси Сарыбашов жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын ар бир кичи районуна бала бакча курула тургандыгын билдирди.

“Биздин негизги максат келечек муундарга шарт түзүп, көңүл буруу. Кечээ Амир-Темирде 100 орундуу бала бакча ачылды. Бүгүн Юго-Восток кичи районуна 120 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берип жатабыз. Бүгүнкү күндө Ак-Тилек жана Южный кичи райондорунда жана Арек айылында бала бакча курулууда. Мектеп, бала бакча куруу иштери токтобойт”, - деди мэр.

Аталган бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, “СК Лидер” ЖЧКсы тарабынан курулуп бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий