• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Кечээ, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестиваль болуп өттү. Фестивалдын максаты – Ош шаарынын жана Сулайман-Тоонун символикалык маанилүүлүгүн элге кеңири жайылтуу жана шаарда жашаган улуттардын каада-салт, үрп-адаттарыныны көрсөтүп, достукту даңазалоо. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, чет мамлекеттен келген коноктор таанышты.

Фестивалда Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнөн 13 диа́спора катышып, ар бир улут өзүнүн улуттук тамак ашын көрсөтүп, маданиятын тартуулады.

Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо 2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий