• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 13 жашар бала сарайда асынган абалда табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Ошто сарайда асынып алган өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Оштун милиция кызматынан тастыктап беришкен.

Маалыматка ылайык, 15-январь күнү милиция кызматына Жапалак айыл аймагына караштуу Гүлбар-Төлөйкөн айылында 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Баланын жансыз денеси сарайдан табылган. Денесинде жиптин издери бар. Ата-энеси билдиргендей, бала акыркы күндөрү “кара күчтөр” жөнүндө айтып жүргөн”, - деп берилет маалыматта.

Аталган факт Бирдиктүү кылмыштар реестринде катталган.

КРнын кылмыш кодексинин 136-беренеси (Өзүнө кол салууга жеткирүү) боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий