• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто 15 окуучу жана 3 мугалим боектон ууланышты

Коом 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Ош шаарында 15 окуучу жана 3 мугалим боектон ууланышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош шаардык оорулардын алдын алуу борбору жана Мамсанэпидемкөзөмөл борборунан кабарлашты.

“Кандай боектон уулангандыгын тактоо үчүн учурда биздин кызматкерлер окуя болгон жерге чыгып кетишти”,-деп билдиришти ведомстводон.

“Кабар” агенттигине Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабарлашкандай, жабыркагандар №54 мектептин жетинчи жана тогузунчу классынын окуучулары. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бардыгынын абалы туруктуу, амбулатордук дарылануудан өткөндөн кийин үйлөрүнө койо берилет.

Пикир

Оставить комментарий