• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто 16 жашар кыз эне болду

Аймак 0

Ош, 01.11.18. /Кабар/. Ош облустук төрөт үйүндө кечээ 16 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Кызды 28-октябрда төрөт үйүнө алып келишкен. Жаңы келгенде ал 18 жашта экендигин айткан. Кызды төрөт үйүнөн чыгараарда энеси кызынын туулгандыгы тууралуу кубөлүгүн көрсөткөн. Күбөлүктө ал 2002-жылы туулгандыгы жазылган.

Дарыгерлер түзүлгөн жагдай боюнча милиция кызматкерлерине кабар беришкен.

Милициянын маалыматы боюнча, кыз Өзгөн районунда жашайт. Кыздын ата-энеси бар жана алар Кыргызстанда. Учурда эне-баланын абалы канаатандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий