• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Ошто 18 жаштагы Муножат бир жылдан бери дайынсыз болууда. Милиция коомчулуктан жардам сурайт

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Муножат 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында кайрадан коомчулукка жардам сурат кайрылат.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, жоголгон күнү үстүндө кара-ак түстөгү күрмө, кара шым жана кара түстөгү бут кийими болгон.

"Айрым жакындары кызды жоголгон күнү Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөндүктөрүн айтышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы Муножат тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо, анда 03222-2-75-15, 0702-17-09-17, 0551-05-42-75 телефондору аркылуу маалымат берип коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий