• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Ошто 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына караганда, Ош шаары, Өзгөн, Кара-Суу Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда өткөн жылдын январь айынан, быйылкы жылдын февраль айларынын аралыгында 19 жолу банкомат уурдалган.

Шектүү катары кармалган Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы А. уулу Н. аттуу тургуну жана Ош шаарынын 37 жаштагы Ю.М. аттуу тургуну мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.

Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча баш коргоо чарасы тандалып, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда.

Пикир

Оставить комментарий