• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто 19-майда «Куттуу эл» биринчи Улуттук форуму өтөт

Аймак 0


Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Ош шаарында 19-майда «Куттуу эл» биринчи Улуттук форуму өтөт.

Форум президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгынын алкагында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовдун колдоосу менен өтөт.

«Глобалдашуу жаңы чакырыктарды жаратып, өнүгүүнүн ылдам темптерин белгилейт. Бүгүнкү күндө адамзат жаңы доордун босогосунда турат. Өз убагында кабыл алынган жана ийкемдүү чечимдер гана ийгиликке жол ачат. Жаңы көз караштар, стратегиялык программалар, концептуалдык сунуштар жана чечимдер – мунун баары “Куттуу эл” улуттук форуму», - деп белгилешти уюштуруучулар.

Форумга белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий