• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто 2-3-ноябрда Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өтөт. Иш-чаранын программасы

Аймак 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Ош шаарында 2018-жылдын 2-3-ноябрь күндөрү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өтөт, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чаранын программа:

2-ноябрь, саат. 10:00-12:00,

Ош мамлекеттик университети, башкы корпусунда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция.

3-ноябрь, борбордук аянтта 10:00. "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү,

10:15. Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү,

10:30. Айыл-чарба жарманкеси.

ОУДТда

10:45.Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган чыгармачылык көргөзмөсү,

11:00.Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдаштырылган эскерүү кечеси.

Ош облустук ат майданында

12:00 "Жаныбарым Гүлсары" аттуу "Көк бөрү", "Ат чабыш", "Кыз куумай", "Жорго салыш" улуттук оюндары, финалдык оюндар саат 15:00дө болот.

Пикир

Оставить комментарий