• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 2,6 млн сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен Ош шаарынын жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы 2 млн 614 миң 900 сомду түзгөн жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 10-апрелиндеги чечими менен Ош шаардык прокуратуранын Ош шаардык мэриясы менен С.К. аттуу жарандын ортосундагы жер тилкени сатуу жөнүндөгү соода-сатык келишимин жана жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы канааттандырылган.

Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы аныктамасы менен Ош шаардык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырылган.

КР Жогорку сотунун 2018-жылдын 5-ноябрындагы токтому менен Ош шаардык сотунун чечими жана Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы күчүндө калтырылган.

2021-жылдын 19-мартында Ош шаардык прокуратура тарабынан Ош шаарынын мэриясына жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы жер тилкени муниципалдык баланска алуу жөнүндө талап келтирилип, 2021-жылдын 26-мартында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктуранынын объектилерин кайтаруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий