• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто 2 күнгө таза суу берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 23.10.17./Кабар/. Күзгү профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу 24-октябрда саат 24:00дөн баштап, 26-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Ошшаарсууканал” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык таза суу берүү төмөнкү даректерде жок болот;”Курманжан –Датка”, “Манас-Ата”, “Туран” аймактык кеңештеринен, “Достук” кичи районунан жана “Калинин” конушунун башка аймактарына таза суу берүү токтотулат.

“Ошшаарсууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын суу камдап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий