• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто 2 миң 600 окуучу кыз STEM багыты боюнча окуудан өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Ош шаарында "Илимдеги кыздар" долбоорунун насаатчылары менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду уюштурган танышуу жолугушуусу өттү. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Жамиля Токталиева, ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун программалык координатору Нора Суюналиева, СТЕМ билим берүү боюнча долбоордун эксперти, КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору, профессор Анипа Усупкожоева, "Илимдеги кыздар" долбоорунун координатору, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова, долбоордун ассистенти Альбина Осмоналиева жана долбоордун "Устат-шакирт" программасына тандалып алынган STEM-багытында ийгиликке жетишкен айымдар катышат.

Насаатчылык программасынын максаты - кыздарды STEM-билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого тартууга багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

"Илимдеги кыздар" долбоорун ишке ашыруунун (2021-2022-жылдар) алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринин 2 миң 600 окуучу кызы тандалат. Ментордук курстар үч этап менен уюштурулат, мында 5 ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерин коштойт.

2021-жылдын мартынан тартып ментордук курстардын биринчи этабы ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын 100 ментору жана STEM-кесиптериндеги айымдар менен башталат. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет.

STEM билим берүү жагындагы насаатчылык – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Насаатчылык курстарынан өткөн кыздар STEMди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнүүгө тийиш.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын долбоорунун алкагында натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн "Ментор үчүн колдонмо" иштелип чыккан, ал эми алынган билимдерди кыздар ийгиликтүү пайдаланышы үчүн "Шакирттин күндөлүгү" иштелип чыккан.

Бардык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миң кыз STEMди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнөт жана STEMде өз мансабын же билимин улантат деп пландаштырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий