• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 2020-жылы Патрулдук милиция пайда болот

Аймак 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоор 2020-жылы Ошто аяктайт. Бул тууралуу журналисттерге Жол коопсуздугуна жооптуу ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Темирлан Ибраимов билдирди.

Ал маалымдагандай, ири шаарларда Патрулдук милиция пайда болот.

«Кичи шаарларга келе турган болсок, бул каражаттан жана Бишкекте көрсөтүлө турган натыйжадан көз каранды болот. Биз бул долбоорду азырынча пилоттук деп атап жатабыз. Анткени, кийин оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү үчүн кандай терс жактары боло тургандыгын көрөлү дедик», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Партулдук милиция кызматы ишке кирди.

Пикир

Оставить комментарий