• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 21,7 миң долларды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Ошто 21,7 миң АКШ долларын мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Достук" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстанга бара жаткан А.Т.С. кыргыз жаранынын жеке жүгүнө бажылык текшерүү жүргүзүүдө декларацияланбаган 21 миң 700 АКШ доллары табылган.

Факт КБР МЭЖ АМСте катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий