• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто 3 млн сомдук аткезчилик товар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ошто 3 млн сомдук аткезчилик товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында “Мерседес Бенц 814D” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда өлкө аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан аялдардын жана эркектердин ар кандай кийимдери, ат жабдыктары, (ээрлер, ноктолор) жана башка буюмдар табылган.

Товарлардын жалпы наркы 3 млн сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий