• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 30дан ашык көчөдө тротуарларды жаңылоо, 20дан ашык аялдама куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Ош шаарында быйыл 30дан ашык көчөдө тротуарларды жаңылоо, 20дан ашык аялдама куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов мэр Алмаз Мамбетовдун тротуарларды, жолдорду асфальттоо жана квартал ичиндеги көчөлөргө кирүүчү жолдорду куруу боюнча протоколдук тапшырмасынын аткарылышы менен таанышты.

Анын алкагында Анар кичи районундагы, Ирригатор көчөсүнүн Дача тилкесиндеги тротуарлардын курулушу, Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн боюна аллея куруу максатында убактылуу жана мыйзамсыз соода түйүндөрүнүн жана тосмолордун бузулушу, Көкүмбий, Абдыкадыров, Курманжан-Датка көчөлөрүнүн боюндагы аялдамалардын курулушу, Раззаков көчөсүнө кирүүчү жолдорду асфальттоо иштери менен таанышты.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий