• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто 362 жаран муниципалдык программанын негизинде ипотекалык үй алышты

Аймак 0

Ош, 21.11.17./Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык кеңешмеси өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, шаардагы бардык мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары катышты.
Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча Департаментинин ишмердиги жөнүндө Департаменттин директору Кутманалы Абдырахман уулу маалымат берди.
“Ош шаарында негизинен ипотекалык багытта эки программа иштеп жатат. Бул мамлекеттик арзан турак-жай программасы жана республикада бир гана Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык программа. Бүгүнкү күндө, Ош шаарында 362 жаранга 6% менен 12 жылдык мөөнөткө чейин батирлер берилди. Бул жарандардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, мугалим, врач, жеке ишкерлер бардыгы бирдей шартта алууда. Берилген үйлөрдөн түшкөн каражаттын жалпы көлөмү 152 млн сомдон ашуун акча каражатын түзөт. Ошол акча каражаттын эсебинен муниципалдык ипотекалык программаны мындан ары улантуу тапшырмасы шаар жетекчиси А.Кадырбаев тарабынан коюлган. Учурда жогорудагы ипотекадан түшкөн акча каражаттардын эсебинен шаардын Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттуу 132 батирден турган үй куруу планы бар. Ал үчүн жерди геологиялык жактан изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрүүдө.
Учурда ипотекалык багытта үй алууну каалаган жарандардын саны 5005ти түзүп, арыздар департаменттин кароосунда турат.
Мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде үй алуу үчүн жарандардан 600дөн ашуун кайрылуу түшсө, анын 292си үй алып жашап жатышат. Калган жарандардын арыздары департамент тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик ипотекалык компанияга жиберилген.
Ошондой эле, 20-апрелдеги Ош шаарынын мэринин буйругу менен шаардык автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясы жоюлуп, анын функционалдык милдеттерин аткаруу биздин департаментке жүктөлгөн. Мурун ал жерде 14 кызматкер иштеген болсо, азыр кыскарып 3 адам тийиштүү функционалдык милдеттерди аткарып жатат. Ал эми, бюджеттик көрсөткүч мурункуга караганда 3 эсеге өстү. Тактап ай тканда, мурун айына 70 миң сомдон түшкөн болсо, азыр 202 миң сомго жетти”,-деди К.Абдырахман уулу.
Ошондой эле, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев турак-жай маселеси өтө маанилүү жана өз актуалдуулугун жоготпогон тармактардын бири экендигин билдирди.
“Турак-жай маселеси өтө маанилүү жана өз актуалдуулугун жоготпогон тармактардын бири болуп эсептелет. Буга мисал катары Ош шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарды талдап айтууга болот. Арыздардын негизги бөлүгүн жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү, ипотекалык негизде батирерди алуу, ижара шартында жерлерди иштетүү үчүн келген кайрылуулар түзөт. Менин жеке жарандарды кабыл алуумда жана эл менен болгон жолугушууларымда ушул маселелер көтөрүлүп келе жатат. Алсак, 2017-жылдын 9 айында ипотекалык негизде үй алуу үчүн мэрияга 699 кайрылуу түшкөн болсо, өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн. Тактап айтканда, 2016-жылы бул багытта 360 арыз катталган. Жакынкы аралыкта, жогорудагы ипотекадан түшкөн акча каражаттардын эсебинен муниципалдык ипотекалык негизде турак-жай берүүнүн экинчи этабы башталат. Анда биз, бюджеттик тармакта эмгектенген кызматкерлереге гана эмес, шаарда батир алам деген бардык жарандарга берүүнү максат кылып жатабыз”,-деди А.Кадырбаев.

Пикир

Оставить комментарий