• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 4 айда 81 экстремизм фактысы катталды

Аймак 0

Ош, 22.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери Ош облусунда 81 экстремизм фактысы катталган. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, облус аймагында 4 айдын ичинде диний-экстремисттик мүнөздөгү 66 кылмыш катталган. Натыйжада 47 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле “жалданмачылыкка” жана согуш аймактарына катышуу аркетине байланышкан 15 факты катталып, алардын 12сине кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында диний-экстремисттик мүнөздөгү 185 даана материал алынган: 110 аудио жана видео касета, 7 компакт диск, 11 флеш карт, 9 мм калибрдүү 7 ок, ошондой эле адабий жана диний-экстремисттик мүнөздөгү башка материалдар.

Пикир

Оставить комментарий