• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 4 күндөн бери сууга агып кеткен киши изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун Ичке-Суу айылынын жашоочулары Тар суусуна агып кеткен айылдашын төрт күндөн бери издешүүдө.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 27-февралда дарыяга түшүп кеткен 44 жаштагы эркек кишини суун агымы агызып кеткен. Издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Маалыматка ылайык, 1-мартта куткаруу иштерине 26 куткаруучу тартылган, 4 милиция кызматкери жана 100 жергиликтүү тургун.

Пикир

Оставить комментарий