• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто 40 өлкөнүн спортчулары катышкан Silk Road Mountain Race веложарышы башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтынан Silk Road Mountain Race велосипед жарышы башталды. Ага 40 өлкөдөн 163 спортчу катышууда.

Silk Road Mountain Race — Кыргызстанда 2018-жылдан бери өтүп келе жаткан эл аралык веложарыш. Жарыштын жаратуучусу Нельсон Трис – велосипедчи, ал 2013-жылы Шанхайдан Парижге өзү досу менен Кыргызстан аркылуу тандем менен барган. 2017 жана 2018-жылдары келген Нельсон Тресс Кыргызстанда биринчи жолу веложарыш уюштуруп, республиканын алыскы тоо сулууларын эл аралык велоспорт коомчулугуна көрсөткүсү келген.

Быйыл биринчи жолу каттам Ош шаарынан Жиптик ашуусу, Арстанбап (Арсланбоб), Казарман, Нарын, Тамга, Ысык-Көлдүн түштүк жээги, Соң-Көл, Тосор ашуусу аркылуу башталып, Бишкек шаарында аяктайт. Маршруттун узундугу 1830 чакырымды түзөт, анын негизги бөлүгү тоолорду аралап өтөт. Кыргызстандан 9 спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий