• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда 5 миң долларга баласын сатууга аракет кылган эне кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы төрөлгөн баланы сатууга аракет кылган эки аял кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азият түспөлүндөгү аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, 21-январда Ош облусунун Өзгөн шаарынын 23 жаштагы тургуну, эки баланын энеси К. Кызы К. жана ага бала сатууга көмөктөшүп жүргөн мурда сот жообуна тартылган аяш энеси Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну А.Э. аттуу аял ымыркайды 5000 долларга соодалашып сатып жаткан учурда кармалган.

Тергөө амалдары жүргүзүлүп, алар ошол эле күнү “Адам сатуу” беренеси менен шектелип Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бирок, баш коргоо чарасы каралып ымыркайдын энеси К. кызы К. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал эми ортомчу болгон А.Э. эки айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий